Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

“Курманжан Датка” - "Ника" сыйлыгына талапкер


“Курманжан Датка” көркөм тасмасы Орусиянын “Ника” кино сыйлыгынын “КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” номинациясы үчүн ат салышат. Бул тууралуу“Азаттыкка” Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги маалымдады.

Орусиянын абройлуу "Ника" сыйлыгы үчүн 23 категория боюнча 114 кинотасма катышууда. Алардын катарында кинорежиссер Садык Шер-Нияздын “Курманжан датка” тасмасынан тышкары белгилүү режиссерлор Андрей Звягинцевдин «Левиафан», Алексей Германдын «Трудно быть богом», Андрей Кончаловскийдин «Белые ночи почтальона Алексея Тряпицына», Олег Степченконун «Вий», Жора Крыжовниковдун "Горько! 2» кинотасмалары бар.

Киносынактын жеңүүчүлөрү Москвада 31-мартка болжолдонгон салтанатта жарыяланат.Салтанатка режиссер Садыка Шер-Нияз да катышат.

Буга чейин кыргызстандык көркөм тасмалардан режиссер Эрнис Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү”, “Боз салкын” тасмалары 2005, 2008-жылдары, режиссер Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут”,“Кумар” кинотасмалары 2009, 2014-жылдары, режиссер Актан Арым Кубаттын “Свет аке” тасмасы 2011-жылы сунушталып, бирок, сыйлыкка жетпей калган. (LaZ)

XS
SM
MD
LG