Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

HRW Европа лидерлерин Атамбаев менен адам укуктарын сүйлөшүүгө чакырды


Мира Ритман.
Мира Ритман.

Эл аралык Human Rights Watch уюму Еврокеңеш лидерлерине кайрылып, ушул тапта Европада сапарда жүргөн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен адам укуктарын сактоо жаатында сүйлөшүүнү суранды. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына уюмдун өкүлү Мира Ритман билдирди. Анын айтымында, 5 жылга жакын убакыттан бери камакта жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши алар үчүн чечилгис маселе бойдон калууда. Эл аралык укук коргоочулар Аскаровду күнөөсүз деп эсептейт жана бул ишке мамлекет башчы өзү киришиши зарыл экендигин белгилеп келишет.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы Июнь калабасына күнөөлөнүп, өмүрүнүн аягына чейин камалган. Атамбаев 2012-жылы Аскаровдун иши боюнча соттун чечимине кийлигише албастыгын билдирген болчу.

Европада сапарда жүргөн кыргыз президенти менен Еврокеңеш лидерлери бул жаатта сүйлөштүбү, жокпу азырынча маалым эмес. Алмазбек Атамбаевдин Европанын беш мамлекетине сапары 22-мартта башталган. 31-мартта соңуна чыгат. (SE)

XS
SM
MD
LG