Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Орус президентине Украинага аскер жөнөтүү укугун берүү сунушталды


АКШ Украинага курал-жарактан жардам берсе, Мамлекеттик Дума орус президенти Владимир Путинге коңшу өлкөгө аскер киргизүүгө укук бериши керек. Мындай демиле менен Мамдума депутаты Михаил Емельянов чыкты. Анын жүйөсүндө, эгер Кошмо Штаттар Украинага коргонуу куралын бере баштаса, Орусия чыгыштагы жикчилерге куралдан жардам берүүгө жана муктаждык жаралса аскер жиберүүгө даяр болушу керек.

Буга чейин эгер Украина чыгышындагы куралдуу калаба дипломаттык жол менен жөнгө салынбаса, АКШ Киевге согуштук курал берүү мүмкүндүгүн карап көрөрү айтылып келген.

Дүйшөмбүдө АКШ Конгресси президент Барак Обаманын Украинага курал-жарактан жардам берүүгө чакырган резолюциясын жактырганы кабарланган эле.

XS
SM
MD
LG