Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Тунисте музейге кол салууда 8 киши, арасында туристтер өлдү


Тунистин борбор шаарындагы музейге кол салуу учурунда 8 кишинин окко учканы кабарланууда. Ички иштер мнистрлигинин маалымат катчысы өлгөндөрдүн бирөө гана Тунис жараны деп бышыктап, калгандарынын улуттарын атаган жок. Ал эми мамлекеттик телеканал чет өлкөлүк 7 турист жана бир жергиликтүү киши набыт кеткенин маалымдады.

Такталбаган маалыматтарга караганда, бир нече киши барымтага алынды. Башка булактар курчоого алынган музейде эки согушкер бар деп айтышууда.

Азырынча кол салгандар тууралуу маалыматтар жок.

Бардо музейи парламенттин имаратына жанаша жайгашкан. Андагы элдер шашылыш эвакуацияланды. Бул музей туристтер көп барган жайлардын катарына кирет.

XS
SM
MD
LG