Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Лотерея ойнотууга тыюу салуу сунушталууда


Кыргызстанда лотерея сатууга жана ойнотууга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталып, коомдук талкууга чыгарылды. Аны “Ар-намыс” фракциясынан депутат Майрамбек Расулов жана КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров сунуштаган.

Депутаттар лотерея кумар оюн катары саналарын, адам акча утуп алуу максатында каражатын коротуп, аягында бул оюнга көз каранды болуп каларын белгилешүүдө. Эл өкүлдөрү утуп алчу белгисиз каражат жөнүндө ойлоно берүү адамдын ден соолугуна зыян экенин, айрыкча өспүрүмдөрдүн аң-сезимине терс таасир тийгизерин негиз келтирип жатышат.

Кыргызстанда 15 компанияга лотерея билеттерин ойнотуу боюнча лицензия берилген. Жалпысынан ар түрдүү 35 билет ойнотулат. (SE)

XS
SM
MD
LG