Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Крымдык журналистти орус коопсуздук кызматкерлери кармап кетишти


Симферополдо “Журналисттик иликтөөлөр борборунун” кабарчысы Наталья Кокорина карамалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Крым кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен анын үйүндө Коопсуздук кызматынын кызматкерлери тинтүү жүргүзгөн. Андан соң журналистти кызматкерлердин коштоосунда шаардык ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен. “Журналисттик иликтөөлөр борборунун” адвокаты Жемил Темишов журналист менен көрүшүүгө мүмкүнчүлүк беришпегенинин айтып чыкты.

Буга чейин дагы бир крымдык журналист Анна Андриевскаянын ата-энесинин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн эле. Ал Крымды Орусия аннексиялагандан бери Киевде жашайт. Коопсуздук кызматы жазган макаласында мамлекеттик бийликти кулатууга чакырык бар деген айып менен кылмыш ишин козгогонун билдирген.

Былтыр Орусия Крымды Украинадан аннексиялап алган эле. Мындан соң буга каршы чыккан крымдыктар куугунтукка алынып жатканын Human Rights Watch уюму ай башындагы баяндамасында жарыялаган.

XS
SM
MD
LG