Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

Карамушкина: "Коопсуз шаар" боюнча тендерге ИИМ катышпасын


Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

Эгерде "Коопсуз шаар" долбоору боюнча дагы бир тендер өткөрүлө турган болсо ал Ички иштер министрлигинен тыш уюштурулушу керек. Мындай пикирин бүгүн парламенттин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина билдирди. Ал ички иштер министри Мелис Турганбаевдин аталган долбоор боюнча жаңы тендер өткөрүү ниетине байланыштуу күмөн саноосу бар экенин айтты.

- Баары телеберүү аркылуу ачык өткөрүлгөн. Экономика министрлиги да оң баасын берген. Эми минтип компания аныкталганда Турганбаев ишенбөөчүлүк билдирүүдө. Бул анын өз орун басары Курсан Асановго да ишенбегендик. Себеби тендердик комиссияда ал да бар болчу. Эмне болгонун түшүнбөй жатам. Эми менде жеке министрдин өзүнө карата ишенбөөчүлүк пайда болууда. Эгер жаңы тендер боло турган болсо, аны Ички иштер министрлигинен тышкары өткөрүү керек, - деди Карамушкина.

Ал ошондой эле "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырылып жаткан Тажикстанда кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында жакшы жылыштар байкалганын, ал эми Кыргызстанда улам бир шылтоо менен ишке ашпай келатканын кошумчалады.

Турганбаев тендерден утуп чыккан “Стилсофт Бишкек” кыргыз-орус компаниясы менен келишимге министрлик кол койбой турганын кечээ "Азаттыкка" айткан болчу. Министр бул компания шек пайда кылгандыктан текшерүү зарыл экенин, тендер өткөргөн комиссияны сотко берерин жана жаңы тендер өткөрүлөрүн билдирген.​ (RK)

XS
SM
MD
LG