Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:00

Турганбаев: “Коопсуз шаар” боюнча жаңы тендер өткөрүлөт


ИИМ башчысы Мелис Турганбаев
ИИМ башчысы Мелис Турганбаев

Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, буга чейин тендерден утуп чыккан “Стилсофт Бишкек” кыргыз-орус биргелешкен компаниясы менен келишимге министрлик кол койбойт. Анткени бул компания шек пайда кылгандыктан текшерүү зарыл.

Министр тендер өткөргөн комиссияны сотко берерин жана жаңы тендер өткөрүлөрүн билдирди.

Буга чейин тендердин шарттары бузулду деген доомат менен Mолдовада катталган канадалык Dessa International компаниясы анын жыйынтыгын кайрадан кароого арыз берген.

“Коопсуз шаар” боюнча өткөн тендерге комиссия мүчөсү, Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулу макул эместигин билдирип, "экономикалык жактан үнөмдүү жана сапаттуу иш алып бара турган эмес, эң коромжу шарттарды сунуштаган компания утуп чыкканын" сындаган.

«Стилсофт Бишкек» компаниясынын өкүлү "жогорку мартабалуу чиновниктердин кызыкчылыгынан улам бул келишимге кол коюлбай калуу коркунучу турат" деп интернет басылмаларга билдирген. (AzK\EBM)

XS
SM
MD
LG