Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Комиссия Медакадемиядагы коррупциялык схемаларды аныктады


Абитуриенттерди кабыл алуудагы мыйзамсыз иштерди иликтеген атайын комиссия Кыргыз медициналык академиясындагы коррупциялык иштердин бетин ачты. Бул комиссия Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн. Мындай маалымат аталган комиссиянын бүгүнкү маалымат жыйынында айтылды.

Комиссия мүчөсү Динара Ошурахунова КММАга 2012-жылы 17 абитуриент жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы жок эле кабыл алынганын билдирди. Текшерүүдө дагы баллы төмөн 4 абитуриент окууга мыйзамсыз кабыл алынганы тастыкталган.

“Азаттык” буга чейин КММАга 60ка жакын абитуриент коррупциялык жол менен кабыл алынганын документтердин негизинде шардана кылган. Бирок атайын комиссия бул фактыларды жана ага түздөн-түз тиешеси бар гранттык комиссиянын ишин текшерген эмес.

Окуу жай жетекчилиги бул дооматтарды четке кагып, кабарчыларга кол көтөргөнгө чейин барган. Президент Алмазбек Атамбаев бул боюнча окуу жай ректору Аширали Зурдиновго чара көрүүнү өкмөт башчысына жана башкы прокурорго тапшырган. (UEz)

XS
SM
MD
LG