Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Чек араны бузган беш өзбек жараны колго түштү


Кыргыз-өзбек чек арасындагы бекет, Кадамжай.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы бекет, Кадамжай.

Баткендин Кадамжай районунун Сөгөт капчыгайында эки, Ак-Кум аймагында үч өзбек жараны жана бир кыргызстандык чек араны мыйзамссыз кесип өткөнү үчүн кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, дагы бир жаран окуя болгон жерден Сох анклавына кире качкан.

Чек арачылардын айтымында, кармалгандар Өзбекстандан Кыргызстанга аткезчилик жол менен жүк өткөрүшмөк. Кармалгандардын биринен аңчылык мылтыгы табылган. Учурда милиция бул окуяны териштирип жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG