Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Акматбек Келдибековдун соту уланат


Акматбек Келдибеков сот залында. Бишкек, 2014-жыл.
Акматбек Келдибеков сот залында. Бишкек, 2014-жыл.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибековдун соту эртең, 3-мартта уланат. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-февралда Келдибековду үй камагына калтыруу боюнча чечим чыгарган. Ага чейин Башкы прокуратура ага каршы козголгон кылмыш иштин оор экенин жана айрым күбөлөргө басым көрсөтүлүшү мүмкүн экенин негиз кылып, аны №1 тергөө абагына камакка алууну суранган.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 2013-жылдын күзүндө камалган. 2014-жылдын августунда соттун уруксаты менен чет элге дарыланууга кеткен. Кыргызстанга 10-февраль күнү кайра келген. (UEz)

XS
SM
MD
LG