Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Столтенберг: Орусия Украинага аскердик миң техника киргизген


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия Украинанын чыгышындагы аскердик техникасын чыгарышы керектигин билдирди. Анын айтымында, бул аймакта 1000 даана орусиялык аскерий техника болушу мүмкүн.

Римде Италиянын премьер-министри Маттео Рензи менен жолугуп жатып, Столтенберг орусиячыл жикчилдердин Украина чыгышында өз аймагын кеңейтүү аракеттерин “келишкис нерсе” деп атады.

Баш катчы Украина чыгышындагы ок атуулардын азайганын кубаттай турганын айтып, эки тарап Минск келишимин урматтайт деген үмүтүн билдирди. Муну менен катар Орусияны жикчилдерди колдоону токтотууга чакырды.

Столтенбергдин маалыматына караганда, Орусия акыркы айларда “миңге жакын аскерий техника-танк, артиллерия жана заманбап курал-жаракты” жикчилдерге киргизген.

XS
SM
MD
LG