Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Президент мугалимдердин айлык маселесин талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев билим министри Элвира Сариеваны кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев билим министри Элвира Сариеваны кабыл алды

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева бүгүн президент Алмазбек Атамбаевге өлкөдөгү жогорку окуу жайларды оптималдаштыруу жана илим тармагын реформалоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле быйыл пландаштырылып жаткан мектеп мугалимдеринин айлык акысын жогорулатуу маселеси да талкууланды.

Президент билим берүүнүн сапатын реалдуу жогорулатуу боюнча иштиктүү кадамдар жасалышы керектигин жана жарандар реформанын жыйынтыгын иш жүзүндө сезиши керектигин айтты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мугалимдердин орточо айлык акысы 5-7 миң сом. Министрликтин маалыматына караганда, учурда мектептерде 2,5 миңдей мугалим жетишпейт. (RK)

XS
SM
MD
LG