Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Сот Хадижа Исмаилованы акчалай айыпка жыкты


Камактагы “Азаттыктын” Бакудагы кеңсесинин кабарчысы Хадижа Исмаиловага 2500 манат (3100 доллар) айыппул салынды. Бүгүн Азербайжандын Бинагадин сотунда Исмаиловага каршы саясатчы Элман Гасановдун арызы каралды. Анда Гасанов журналистти “жалган жалаа жапты” деп айыптаган. Исмаилова бул айыпты четке кагып, Гасановду бийликтин “буйругу” менен иш кылып жатканын билдирген.

Хадижа Исмаилова өткөн жылдын 5-декабрында камакка алынган. Ага бир нече берене боюнча айып тагылууда. Эгер сот журналистти күнөөлүү деп тапса, 12 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Исмаилова Азербайжандын президентинин үй-бүлөлүк бизнесинин сырларын ачкан журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн жана уюшкан кылмыштуулук менен коррупция боюнча долбоордун автору. Ал камакка алынган соң “Азаттыктын” Бакудагы кеңсесине текшерүүлөр болгон.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму радионун бюросуна жасалган рейдди жана анын жабылышын “Азербайжандагы эркин медиага жана ой-пикир билдирүү эркиндигине дагы бир олуттуу сокку” деп атаган.

XS
SM
MD
LG