Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Греция карыздын мөөнөтүн узартууну суранды


Өзүнө чукул жардамга берилген эл аралык жардам боюнча узакка созулган талаш-тартыштан кийин Греция евро аймакка бул жардамдын мөөнөтүн жарым жылга узартуу сунушу менен расмий кайрылды. Өтүнүч эртең евро-аймактын каржы министрлери тарабынан атайын жыйында каралганы жатат.

Еврокомиссиянын маалымат катчысы Маргаритис Шинас грек өкмөтүнөн жардам келишимин узартуу өтүнүчү келип түшкөндүгүн бышыктады.
Бирок башкы сүткор болгон Германиянын каржы министрлиги Греция бул жардамдын мамлекеттик чыгымдарды кескин кыскартуу талабын аткарбастан туруп, жеңилдик сурап жаткандыгын сынга алды.

Анын алдында Еврокомиссия Грециянын өтүнүчүн «оң» чечим деп баалаган эле. Греция жана еврону колдогондон аймактын башка өлкөлөрү 240 миллард евролук карыздын мөөнөтүн узартуу боюнча бир пикирге келе албай келишти. Грек өкмөтү катаң шарты бар азыркы келишимди узартуу ордуна алты айлык жардам сурап жатат.

XS
SM
MD
LG