Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

"Бүтүн Кыргызстан" менен "Бир бол" бирикпей калды


"Бүтүн Кыргызстандын" шайлоо алдындагы жарнамасы. 21-сентябрь, 2010.
"Бүтүн Кыргызстандын" шайлоо алдындагы жарнамасы. 21-сентябрь, 2010.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңеши бүгүн бул эки партиянын биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрү токтотулганын жар салды. Саясий кеңеш тараткан билдирүүдө ага биргелешкен уюштуруу тобу тарабынан партиялардын кошмо курултайын өткөрүүгө даярдык иштери жүрүп жаткан учурда айрым бир принципиалдуу маселелер боюнча пикир келишпестиктер пайда болгону себеп болгону айтылат.

"Бир бол" партиясынын аткаруу кеңешинин төрагасы Досалы Эсеналиев да "Азаттыкка" биригүү жараяны токтогонун тастыктап, өлкөнүн келечектеги саясий түзүлүшү, башкаруу формасы боюнча маселеде "Бүтүн Кыргызстан" менен бир пикирге келе алышпаганын билдирди.

Былтыр 25-ноябрда бул эки партия биригүүгө кадам таштаганын жарыялап, кийинчерээк биригүү процесси ийгиликтүү аяктап жатканын, биригүүнүн негизинде түзүлө турган жаңы партиянын уставы жана программасынын долбоорлору иштелип чыкканын билдирген.

Адахан Мадумаров баштаган "Бүтүн Кыргызстан" партиясы өткөн парламенттик шайлоонун алдында түзүлүп, бирок шайлоодо жетиштүү добуш албай калган. Былтыр түптөлгөн "Бир бол" партиясынын башында "Республика" партиясынан бөлүнүп чыккан депутат Алтынбек Cулайманов турат. (SM)

XS
SM
MD
LG