Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Нике келишимин түзүү боюнча мыйзам сунушталды


Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Надира Нарматова жана Абдимуталип Кочкорбаев Үй-бүлө кодексине нике келишими тууралуу берене кошууну сунуштап жатышат. Бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып, комитеттердин кароосуна жиберилгенин “Азаттыкка” депутат Нарматова билдирди. Анын айтымында, жубайлар ажырашкан учурда мал-мүлктүн көбү эркектерде калып, аялдар эч нерсеге ээлик кыла албаган учурлар көбөйгөнүнө байланыштуу бул келишим зарыл болуп турат:

- Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса эркектердин жоопкерчилиги күчөтүлүп, аялдар менен балдардын укугунун сакталышына шарт түзөт,- дейт Нарматова.

Нике келишимин түзүү зарылдыгы боюнча маселени жакында “Азаттык” радиосунун кабарчысы да көтөрүп чыккан болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG