Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Порошенко: Тынчтык орнобосо аскердик абал киргизилет


Петро Порошенко
Петро Порошенко

Украина президенти Петро Порошенко бүгүн түнү жикчилдер ок атууну токтотпосо, өлкөнүн бардык аймагына аскердик абал киргизилерин жарыя кылды. Бул тууралуу ал бүгүн украин чек арачыларына каруу-жарак тапшырып жатканда айтты.

Порошенконун айтымында, Минск сүйлөшүүсү учурунда ал “тынчтык орнобосо” аскердик абал киргизилерин эскерткен. Украин президенти муну менен катар аскердик абал тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутаттарга сунуштарын кошумчалады.

12-февралда Минскиде Украина, Орусия, Франция президенти жана Германия канцлери жаңжал болуп жаткан аймакта 15-февралдан тарта ок атууну токтотууну макулдашкан.

Бириккен улуттар уюму Украинада согуш аракеттери күч алгандан бери набыт болгондордун саны 5300 адамдан ашканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG