Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Греция парламенти Ципрастын өкмөтүн бекитти


Грециянын парламенти Алексис Ципрас башында турган солчул өкмөттү бекитти. Ал үчүн арламенттеги 167 депутаттын 137си колдоп добуш берди.

Эми 25-декабрдагы шайлоодо жеңип чыккан СИРИЗА жана “Көз карандысыз гректер” партияларынан куралган өкмөт өз программасын ишке ашыра баштаса болот. Парламентте сүйлөп жатып Алексис Ципрас мурдагы өкмөт учурунда кабыл алынган кредиттик программаны улантууга мүмкүн эмес экенин билдирди. Бирок европалык өнөктөштөрдөн кыска мөөнөттү насыя алууну көздөп жатканын айтты.

Бүгүн Евробиримдиктин финансы министрлери Брюсселге чогулуп, Афинынын жаңы планын талкуулайт. Ал ортодо Грециянын тышкы иштер министри Никос Котциас Москвага сапар менен келери күтүлүүдө. Ал орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугат. Жаңы түзүлгөн грек өкмөтү буга чейин эле Орусия менен мамилени жакшыртууга умтулганы айтылган.

XS
SM
MD
LG