Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Өлкөдөгү гемодиализдин экөө жарактан чыгып, алтоо оңдоого муктаж


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча болгону 28 гемодиализ аппараты бар. Анын экөө толугу менен керектен чыккан. Алты аппарат оңдоого муктаж.

Өлкө боюнча өтүшүп кеткен бөйрөк оорулуулардын жалпы саны 1488. Алардын 473ү бюджеттик негизде гемодиализ аппараты менен камсыздалган. Министрликтин маалыматында, Кыргызстанда гемодиализге муктаждардын саны 2010-жылы 305 болгон болсо, 2013-жылы алардын саны 4 эсеге көбөйүп, 1488ди түзгөн.

Мындай оорулуулар бөйрөк аткаруучу функцияны жасалма жол менен аппарат аркылуу жасатып, айына 12 жолу канын тазалатып турушат. Кезекке илинген бейтаптарга мамлекеттин эсебинен бекер жасалат. Бирок мамлекеттик эсепке алынганга чейин ал үчүн төлөөгө туура келет жана бөйрөктү бир жолу жуудуруунун баасы 5200 сом. Кыргызстанда мындай 65 гана аппарат бар. (UEz)

XS
SM
MD
LG