Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Кыргызстанда майып балдар көбөйүүдө


Кыргызстанда соңку жылдары он сегизге чыга элек майып балдардын саны 2,5 пайызга өстү. Бул тууралуу “Азаттыкка” социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Учурда Кыргызстанда 162 миң мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Алардын 27 миңи он сегиз жашка чыга элек балдар. Министрдин белгилешинче, соңку учурларда тубаса майып болуп төрөлгөндөрдүн саны өскөн.

БУУнун статистикалык маалыматы боюнча ар бир өлкө калкынын 10% майыптар түзөт. Мындан беш жыл мурунку эсеп боюнча Кыргызстанда 120 миңдей адам болсо, анын ичинде 21 миңи өспүрүмдөр эле. (ZA)

XS
SM
MD
LG