Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Жогорку Кеңеш Төрөбековдун кол тийбестигин сактап калды


Нурлан Төрөбеков, ЖК депутаты
Нурлан Төрөбеков, ЖК депутаты

Бүгүн парламент “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбековдон кол тийбестик макамын алуу боюнча комиссиянын ишин жана аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокуратуранын сунушун талкуулады.

Төрөбеков “жогорку билим алгандыгы тууралуу жасалма диплом колдонгон” деп айыпталууда. Ага 2014-жылдын октябрында кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин мыйзамдуулугун териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия төрагасы Курманбек Дыйканбаев “жасалма диплом колдонгон” деген маалымат туура эмес экенин билдирип, 74 добуш менен эл өкүлдөрү Башкы прокуратуранын сунушуна макулдук бербей койду.

Ошол эле кезде баш прокурордун биринчи орун басары Темир Бекмамат уулу документтин жасалма экенин тастыктаган кыйыр далилдер бар экенин белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG