Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Ош: окуучулардын олимпиадасы электрондук система менен өтүүдө


26-январда Ош шаарындагы мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын аймактык баскычы электрондук системада башталды. Анда олимпиадага катышкан бардык окуучулар жалаң компьютер аркылуу белгиленген убакыттын ичинде берилген суроолорго тест аркылуу жооп бериши керек.

“Электрондук олимпиаданы биз быйыл биринчи жолу киргиздик. Окуучулар канча суроого жооп берди, жыйынтыгы кандай болду, мунун баарын өздөрү дароо көрүп жатышат. Бул сыртка илинген чоң экран аркылуу да ата-энелерине жана катышып жаткандардын баарына көрсөтүлүп турат. Жыйынтыгы да дароо ошол жерден эле белгилүү болот”,- деди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулкана башчысы Жеңиш Байзаков.

Олимпиадага Ош шаардык мектептердин ар биринен 9-10-11-класстарынан экиден окуучу катышууда. Олимпиада 5 күнгө созулат. Буга чейин окуучулардын олимпиадасы акыйкат болбой, орундар сатылып келгени көп айтылчу. Ош шаарында 56 миң 384 окуучу бар. (ErN).

XS
SM
MD
LG