Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Жолдубаева: Салянова баштаган чуулуу иштерди улантууга күчүм жетет


Индира Жолдубаева
Индира Жолдубаева

Баш прокурорлукка талапкер Индира Жолдубаева бүгүн парламентте депутат Эркин Сакебаевдин “мурдагы прокурор ачкан чуулгандуу иштерди улантууга кудуретиңиз жетеби?” - деген суроосуна ушинтип жооп берди.

“Кудуретим жетет. Бирок кепилдик берердин алдында ар бир иш боюнча өз пикириңе ээ болушуң керек. Бул үчүн ар бир ишти иликтеп, мыйзам чегинде дыкат иштеш керек”, - деди Жолдубаева.

Мындан сырткары, Кумтөр, Батукаев жана мародерчулук маселелери боюнча иш токтоп калганын айтып, аны сотко өткөрө аласызбы деген суроо берилди.

“Азырынча жооп бергенге даяр эмесмин. Ар бир ишти изилдеш керек. Эгер прокурорлукка макулдук берсеңер силердин ар бир өтүнүчүңөрдү мыйзам чегинде карайбыз”, - деди Жолдубаева.

35 жаштагы Индира Жолдубаева президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук бөлүмүн жетектейт. Мурдагы баш прокурор Аида Салянова өз арызынын негизинде 22-январда кызматынан алынган. (МТо)

XS
SM
MD
LG