Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Кордолгон наристе өз алдынча дем ала баштады


Бул тууралуу “Азаттыкка” №3 балдар ооруканасынын башчысынын орун басары Гүлнара Жанабилова билдирди. Анын айтымында, наристе өз алдынча дем алып, жасалма дем алдыруу аппаратынан ажыратылганы менен абалы дале оор.

- Наристенин абалы боюнча алдын ала бир нерсе деп айтуу кыйын. Азыр дагы эле комада, абалы оор бойдон сакталууда, - деди Жанабилова.

11-январда борбордогу №3 балдар ооруканасына көгала болуп сабалган жана зордукталган бала оор абалда түшкөн. Учурда ал аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүндө комада жатат. Милиция атайылап ден соолукка залал келтирүү, зордуктоо беренелери боюнча кылмыш ишин козголуп, ымыркайды сабоого шектелген 47 жаштагы жаран жубайы менен камакка алынды.

Учурда өлүм алдында жаткан ымыркайдын өмүрүн сактап калуу жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө тапшырма берип, бул окуяны өз көзөмөлүнө алган. (UEz)

XS
SM
MD
LG