Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Орусия: Санкциялар кызматташтыкка терс таасир этүүдө


Расмий Москва Магнитскийдин тизмесине байланыштуу санкциялардын кеңейиши – Иран, Сирия сыяктуу эл аралык программаларда чогуу иштөөгө кедергисин тийгизет деп эсептейт. Орусия Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу билдирүүнү 30-декабрда Магнитскийдин “кара тизмесине” дагы орусиялык төрт жаран киргизилгенден кийин таратты. Анда “Орусия АКШнын санкцияларына сөзсүз жооп берери, бул саясий кысым ыкмасы Орусияга өтпөй турганы” жөнүндө жазылган.

Адвокат Магнитский орус аткаминерлердин көмөгү менен Орусиянын мамказынасынан 230 млн. долларды уурдалганын, андан кийин бул акчанын бир бөлүгүнө Prevezon Holdings компаниясы аркылуу Манхеттендеги эң кымбат, кооз имараттар сатылып алынганын аныктап чыккан эле. Ал СИЗОдо өлгөндөн кийин, 2012-жылы АКШ бир катар орусиялыктарга карата экономикалык санкция киргизип, алардын Америкага кирүүсүнө тыюу салган мыйзам кабыл алган.

XS
SM
MD
LG