Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Көп аял алуу боюнча төрт жылда беш кылмыш иши козголгон


Бул тууралуу парламентте адам укуктары боюнча өкмөттүк саат учурунда вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев билдирди.

Анын белгилешинче, эки жана андан көп аял алуу фактысы боюнча 2010-жылдан бери беш кылмыш иши козголду. Алардын ичинен төртөө сотко жиберилген. 17 жашка чейинки өспүрүмдөрдү никелик мамилеге барууга мажбурлоо фактысы боюнча 53, ала качуу же никеге туруусуна каршы чыгуу фактысы боюнча 148 кылмыш иши козголгон.

Кыргызстанда көп аял алууга мыйзам жол бербейт. Бирок эки же андан көп аял менен түтүн булаткан аттуу-баштуулардын аттары аталып жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG