Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Пакистан талиптеринин чабуулунан 126 адам өлдү


Талиптердин чабуулунда жарадар болгон окуучуга Пешавардын шаардык ооруканасында жардам көрсөтүлүүдө.
Талиптердин чабуулунда жарадар болгон окуучуга Пешавардын шаардык ооруканасында жардам көрсөтүлүүдө.

Бул жөнүндө Хайбер-Пуштун провинциалдык өкмөтүнүн башкы министри Первез Каттак билдирди. Мурдараак алардын 90го жакыны окуучулар экени маалымдалган. Өлгөндөр Пешавар шаарындагы аскерий башкаруудагы мектептин окуучулары жана кызматкерлери. Каттактын айтымында, чабуулдан 122 адам жарадар болгон.

10-класстын Эбад деген окуучусу канды-булоон жөнүндө “Азаттык” радиосуна мындай деди:

- Саат 10:30да полковник бизди биринчи тез жардамды көрсөтүү сабагына чакырган кезде болду. Биз аудиторияга кирип баратканда атышуу башталып, согушчандар тез эле артыбыздан кирип келди. Алар көптөгөн окуучуларды өлтүрдү. Менин маңдайымда 40-50дөй окуучуну, полковникти да атып салышты. Бомба жардырылды. Мен класска кирип бараткан кара кийимчен төрт-бештей согушчанды көрдүм.

Мектеп Пешавардын мыкты кайтарылган бөлүгүндө жайгашкан. Техрик-е-Талибан Пакистан уюмунун өзүн Мухаммад Хорасани деп атаган өкүлү “Азаттык” радиосунун кабарысына телефон чалып, кол салуу өкмөттүк күчтөр Түндүк Вазиристанда жүргүзүп жаткан операция үчүн өч алуу деп билдирди.

XS
SM
MD
LG