Бул тууралуу “Азаттыкка” социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, атайын комиссия мурда жакыр деп эсептелген үй-бүлөлөрдү текшерип, жашоо-шарты жакшырган кишилерди тизмеден алып салды.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, унаасы, үлүш жери жана малы бар кишилердин балдарына жөлөк пул берилбейт. Үч-төрт жыл мурун түстүү телевизору, муздаткычы жана килеми бар үй-бүлөлөрдүн балдарынын жөлөк пулу да токтотулган эле. Кийинчерээк бул чектөө алынып салынган.
Учурда өлкө аймагында жүз миңден ашуун жакыр үй-бүлө бар. 307 миң балага мамлекет жөлөк пул берет.
Шаршемби күнү айрым маалымат булактары 100 миң үй-бүлө жакырлар тизмесинен чыкканын жазган болчу. Министр бул маалыматты төгүндөдү. (SE)