Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Франция парламенти Палестина мамлекетин таануу маселесин талкуулайт


Франциянын парламенти Палестинаны мамлекет катары таануу боюнча резолюцияны 2-декабрда колго салат. Улуттук Ассамблеяда бул маселеге байланыштуу талкуу бүгүн өтмөкчү.

Байкоочулар символикалык мааниге ээ документ парламенттин төмөнкү палатасында колдоо табат дешет. Резолюциянын долбоорун башкаруудагы социалисттер сунуш кылууда. Европа биримдиги палестиналыктар менен Израиль ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жай жүрүп жатышына камтамасын билдирип келатат. Ушундай эле резолюцияларды буга чейин Британия, Ирландия жана Испаниянын мыйзам чыгаруучулары кабыл алышкан. Швеция болсо жакында Палестин мамлекетин тааныды.

24-ноябрда БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун Израиль менен Палестинанын жаңжалын жөнгө салуу боюнча саясий жол табылбай жатышы өкмөттөр менен парламенттерди Палестина мамлекетин таануу аракеттерин көрүүгө түртүп жатат деп айткан.

XS
SM
MD
LG