Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Бишкек: Мектеп имаратындагы курал саткан дүкөн маселеси чечилбей жатат


Бишкектин 10-кичи районунда жайгашкан №64 орто мектептин имаратында жайгашкан курал-жарак сатылуучу дүкөн маселеси дагы эле чечилбей жатканын бүгүн мэрия кабарлады. Шаар бийлигинин жана тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринен турган атайын топтун дүкөндүн ээси менен жолугуу аракетинен майнап чыккан жок. Дүкөн жабык, ээси ордунда жок болгондуктан акт түзүлүп, эшиктерине кагаз чапталды. Эгер жакын арада ичи бошотулбаса, иш сотко өтөрү эскертилди.

Аталган мектептин бир четинде курал-жарак саткан "Эделвейс" дүкөнү бар экени, ал балдардын коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканы көптөн бери айтылып келатат. Директор Фатима Чажалиеванын айтымында, 1800 окуучу билим алып, 150 мугалим иштеген бул мекеменин имаратында мындай дүкөндүн болушу кооптуу.

Шаардын Муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматына караганда, ижара мөөнөтү быйыл 1-майда аяктаган. Бирок дүкөн ээси дагы эле чыкпай жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG