Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Казакстандан алынчу электрдин баасы 5,60 сом болот


Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев журналисттерге бүгүн билдирди. Анын айтымында, Казакстандан 1 миллиард кВт.саат электр энергияны сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Азырынча 1 кВт.саат электр энергиясынын баасы 5,60 сом деп бааланып жатат. Ал 1-декабрдан тарта алынып келе баштайт.

- Казакстандан алынчу электр энергиянын 1 кВт.саатынын баасы 5 сом 60 тыйын болот. Бул абдан кымбат. Ошондуктан биз өзүбүздө өндүрүлгөн электр энергия менен аралаштырып, айына 700 кВт/ сааттан ашык пайдалангандарга 2 сом 5 тыйындан сунуштайбыз, - деди өкмөт башчы.

Ошондой эле Оторбаев сүйлөшүү жыйынтыгында сатып алынчу электр энергия үчүн төлөм акыны кыргыз өкмөтү ар бир айдын башында төлөп турарын айтты.

Быйыл Кыргызстанда энергетикалык каатчылык өкүм сүрүүдө. Бул үчүн коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алуу каралган. Буга чейин Энергетика министрлиги кыштан кыйналбай чыгуу үчүн 2,4 миллиард кВт/саат электр энергиясы керектелерин билдирип, Казакстандан кошумча көлөм сатып алууга макулдашкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG