Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

“Бүтүн Кыргызстан” жана “Бир Бол” биргелешкен курултай өткөрөт


Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев билдирди. Анын айтымында, эки партиянын ортосунда биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр бир нече айдан бери жүрүп жаткан. Бул боюнча эки жумушчу топ иштеп жаткан. Жакынкы аралыкта курултай өткөрүп, эки партия бириккенин жарыяламакчы.

“Бүтүн Кыргызстан” жана “Бир Бол” партиялары биригүү тууралуу чечим кабыл алынганын бүгүн жар салды.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы 2010-жылы түзүлгөн. Аны Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров жетектейт. Ал эми “Бир Бол” партиясы былтыр ноябрда түзүлгөн. Аны Жогорку Кеңештеги “Республика” партиясынан бөлүнүп чыккан Алтынбек Сулайманов баш болгон депутаттар тобу түзгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG