Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Кримтөбөл Камчы Көлбаев Дубайга чыгып кетти


Камчы Көлбаев сот залында. Бишкек, 18-апрель, 2013.
Камчы Көлбаев сот залында. Бишкек, 18-апрель, 2013.

Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди. Анын айтымында, Көлбаев абактан бошотулган соң ички иштер органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турган. Бирок Көлбаев жакында үй-бүлөсү менен Дубайга чыгып кетти деген маалымат бар. Министр ошондой эле Камчы Көлбаевге карата Казакстанда да кылмыш иши козголгонун кошумчалады.

Көлбаев кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган деп айыпталып, 2012-жылдын декабрында камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, быйыл 8-июнда бошонгон.

Быйыл июнь айында АКШнын Мамлекеттик департаментинин эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы программасы Камчы Көлбаевдин кылмыштуу схемасы жөнүндөгү маалымат үчүн бир миллион доллар сыйлык жарыялаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG