Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Атамбаев: Илимди каржылоонун азыркы системасын өзгөртүү зарыл


Кыргызстанда илимди уюштуруу жана каржылоо системасы реформага муктаж болууда, себеби азыркы турумунда ал илимдин өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып жатат. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев илим жана техника жаатындагы мыктыларга сыйлык тапшыруу салтанатында сүйлөп жатып билдирди.

Президенттин айтымында, совет мезгилинде калыптанган системаны өзгөртүп, каржылоо илимий иштин актуалдуулугун жана өзгөчөлүгүн эске ала тургандай кылуу керек.

Бүгүн Алмазбек Атамбаев «Кыргызстанда алтын кендерин эффективдүү жана коопсуз иштетүүнү илимий жактан камсыздоо" деген эмгек үчүн окумуштуулар Атабек Алибаев, Камчыбек Кожогулов, Ольга Никольская, Кушбакали Тажибаев, Бурулкан Төлөбекова, Кеңешбек Үсөнов жана Салават Усмановго мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. (RK)

XS
SM
MD
LG