Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

Бишкекте электрондук окуу китебинин бет ачары болот


Орто мектептин 7-классы үчүн “Кыргыз тили” электрондук китеби коомчулукка сунушталат. Бүгүн Бишкекте болуучу иш-чарада электрондук китепти түзүү технологиясы тааныштырылат, анын негизинде окуу китептеринин авторлору программисттин жардамысыз эле кыска убакыттын ичинде электрондук китеп түзө алышат. Ошондой эле бүгүн электрондук окуу китептеринин мааниси, жалпы билим берүүчү мектептерде колдонуунун артыкчылыгы жана башка маселелер да талкууланмакчы.

Орто мектептин 7-классы үчүн “Кыргыз тили” электрондук китеби мурдараак №12 мектепте тесттен өткөрүлүп, мугалимдердин жана окуучулардын жакшы пикирине арзыган.

Электрондук окуу китептердин редакторлугу “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Программа эркиндиги” долбоору тарабынан каржыланууда.

Кыргыз өкмөтү мектептер үчүн китеп чыгарууга жыл сайын 100 миллион сом бөлөт, бирок окуу китебинин жетишсиздиги чечилбеген маселе бойдон калууда.

Кыргызстанда 2024 мектеп бар, окуучулардын жалпы саны 1 миллиондун тегерегинде. Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө мектептердин окуу китеби менен камсыз болуусу 72% түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG