Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

“Жунда” заводуна кайрадан нааразылык чыкты


"Жунда" заводу, Кара-Балта шаары.
"Жунда" заводу, Кара-Балта шаары.

Бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында өздөрүн Кара-Балта шаарынын тургундарыбыз деп тааныштырган топ мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводу экологияны бузуп жатканын, аны иштетүүгө каршы экенин айтып чыгышты. Алардын бири Толгоной Ахматова заводдон чыккан жагымсыз жыттан жашоого мүмкүн болбой калганын жана ал элдин ден-соолугуна таасир бере баштаганын айтты.

Буга чейин да Кара-Балта шаарынын айрым тургундары завод экологияны бузуп жатканын айтып, аны иштетүүгө каршы чыгып келишкен.

Курулушу 2009-жылы башталган "Жунда" заводу жылына 800 миң тонна мунай иштетүүгө ылайыкташкан. Быйыл жыл башында завод ишке берилип, бирок 18-февралда өз ишин убактылуу токтотууга мажбур болгон. Буга жергиликтүү элдин жана экологдордун заводго каршы дембе-дем өткөргөн акциялары себеп болгон. Ошого байланыштуу экологияга тийгизген таасирин иликтөө үчүн атайын экспертиза дайындалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG