Тунистин исламчыл “Кайра жаралуу”(Ан-Нихда) партиясы парламенттик шайлоодо жеңилгенин мойнуна алды. 26-октябрда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө 29-октябрда жарыяланууга тийиш. Бирок “Ан-Нихда” партиясы шайлоодо жеңилгенин 27-октябрда тастыктады. Экзит-поллго же добуш берилер замат өткөрүлгөн сурамжылоого караганда, дүниябий “Тунис үндөөсү”(Нидаа Тунис) 217 мандаттын 80ге жакынына ээ болсо, “Ан-Нихда” 70тей орун алган. Бул “Нидаа Тунис” партиясында өкмөттү түзүү шансы бар дегенди билдирет.
2011-жылы Зине ал-Абидине Бен Али президенттиктен оодарылгандан кийин өткөн шайлоодон соң, “Ан-Нихда” партиясы мандаттарын теңине жакынын утуп, жаңы Конституцияны жазуу үчүн убактылуу өкмөттү түзгөн.
2011-жылкы элдик козголуш Тунисти 23 жыл бою башкарган Зине ал-Абидине Бен Алини бийликтен кетирүү менен аяктаган. Тунистеги “Жасмин ынкылабы” Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгышты да чайпалткан элдик чыгууларга түрткү берген.