Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Өзбекстанда пахта теримде дагы бир студент өлгөнү тастыкталды


Пахта теримде жүрүп өлгөн өзбекстандык студенттин туугандары сотко арыз менен кайрылды. 19 жаштагы Шамсиддин Бабасаидов Сырдарыя облусунда теримде жүргөндө чоң курстун студенттери өз ордуна пахта тердирүү үчүн сабашкандан кийин 2-октябрда жан берген. Маалыматтарга караганда, Өзбекстанда быйылкы пахта теримде 19 адам өлгөн. Өлкөдө жыл сайын студенттер жана өкмөттүк кызматкерлер пахта теримге күчтөп айдалат.

Бабасаидовдун туугандарынын арызын Сырдарыя облустук прокуратурасы 20-октябрда каттоого алганын “Азаттык” радиосуна расмий түрдө тастыктады. Демейде пахта теримде жүрүп жайран болгон жарандардын туугандарынын арызын сот органдары кабыл албайт. Өзбекстанда мектеп окуучулары пахта жыйноого тартылганы үчүн 100дөн ашуун чет элдик компания өлкөдөн була сатууну токтоткон.

XS
SM
MD
LG