Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Эксперттер көмүр сатып алуудагы көз боемочулук тууралуу билдирүү жасашат


“Улуттук электр станциялар” акционердик коомунун тендер өткөрүү боюнча комиссиясынын мүчөлөрү Расул Үмбеталиев жана Качкын Булатов бүгүн журналисттер үчүн жыйын уюштуруп, көмүр сатып алуу боюнча тендерлердеги көз боёмочулуктар тууралуу маалыматтары менен бөлүшөт.

Эксперт Расул Үмбеталиевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, маалымат жыйынында Осмонбек Артыкбаевдин Энергетика министрлигинен кеткен себебине да токтолушат.

- Тендерлерди атайын өткөрбөй, бир компания бир булактан бизге көмүр алып келгени жатат. Кандай мыйзам бузуулар, коррупциялык схемалар болуп жатканы, аларды ким колдоору, артында турган күчтөр ким экени тууралуу маалымат беребиз.

“Улуттук электр станциялар” жаздан бери көмүр сатып алуу боюнча үч тендерди үзгүлтүккө учуратып, соңунда бир фирмадан көмүр сатып алууну өкмөткө сунуштаган. Бир булактан көмүр сатып алуу мыйзамга каршы келерин жана коррупциянын уюгу экенин эксперттер белгилеп келатышат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG