Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

“Өзбекстан ислам кыймылы” “Ислам мамлекети” тобуна кошулганын жарыялады


“Өзбекстан ислам кыймылы” (ӨИК) Иракта жана Сирияда согушуп жаткан “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларына кошулганын билдиришти. Бул тууралуу ӨИК лидери Усмон Гозинин 26-сентябрда жасаган кайрылуусунда айтылат.

Өз кайрылуусунда ал тарапташтарын Иракта жана Сирияда халифат кургандыктары менен куттуктап, “Өзбекстан ислам кыймылы” бул чечимди колдоорун белгилейт.

Уюмдун маалымат катчысы “Азаттыктын” өзбек редакциясына аудиожазма жөнөткөн. Анда Сириядагы согушту тутандырды деп АКШны айыптаган үн жазылган.

“Өзбекстан ислам кыймылы” 1996-жылы өлкөдөгү тыюу салынган саясий партиялардын жана кыймылдардын мурунку мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн. Расмий бийлик уюмдун ишмердигин террористтик деп таап, Өзбекстанда ага тыюу салган.

XS
SM
MD
LG