Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

HRW: Өзбекстанда саясий жүйө менен камалгандар кордолот


Өзбекстанда саясий себептерден улам соттолгондор абакта кыйноолорго туш болууда. Бул тууралуу "Хьюман Райтс Уотч" эл аралык уюмунун 26-сентябрда жарык көргөн докладында айтылат. Баяндама сот документтерине, көптөгөн интервью, анын ичинде түрмөдөн жаңы чыккан кишилердин көрсөтмөлөрүнө негизделген.

Уюм уруп-сабоо, электрошок колдонуу, тумчуктуруу, сексуалдык ыдык көргөзүү, зордуктоо менен коркутуу учурлары көп катталганын белгилейт.

Ушул жазда абактан чыккандан көп узабай рактан көз жумган укук коргоочу, активист Абдурасул Худойназаров анын медициналык жардам көргөзүү өтүнүчүн такай четке кагып келишкенин айтып берген.

“Бул далилдерден кийин расмий Ташкент саясий камакка алууларды тана албайт”, - деди "Хьюман Райтс Уотчтун" Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Стив Свердлоу.

XS
SM
MD
LG