Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Эстакада көпүрөсү боюнча дагы бир кылмыш иши козголду


Ош шаарындагы эстакада көпүрөсүн куруу боюнча тендер туура эмес өткөнү жана долбоорго бөлүнгөн каражаттар мыйзамсыз берилгени боюнча кылмыш ишин иликтөө аяктады. Ал эми курулушту куруудан мурда эксперттердин корутундусу алынбаганы, шаардык кеңеште коомдук угуу өткөрүлбөгөнү боюнча 24-сентябрда дагы бир кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Быйыл январда козголгон кылмыш иштин алкагында шаардык мэриянын үч кызматкерине жана “ДСК Сдж” ишканасынын жетекчисине “кызмат абалынан аша чапкан”, “мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөн” жана “мыйзамсыз тендер өткөргөн” деген айып тагылган. Кылмыш иши боюнча Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматов да бир нече жолу суракка чакырылган.

Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнүн курулушу өткөн жылы октябрда башталган. Аны мурдагы мэр Мелис Мырзакматов “Кылым курулушу” деп атап, 800 миллион сом керектелээри айтылган. Бирок Мырзакматов кызматтан кеткен соң долбоор кайрадан каралып чыгып, көпүрөнүн курулушу 699 миллион сом деп бааланган. (SE)

XS
SM
MD
LG