Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Шотландия Улуу Британиянын курамында калууну чечти


Шотландияда 18-сентябрда өткөн референдумдун жыйынтыгында Улуу Британиянын курамында калууну жактагандар жеңди. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Шотландиянын Британиядан көз каранды эмес болушуна каршылар жалпы добуш бергендердин 55 пайызын түздү.

Өлкөнүн Улуттук партиясынын лидери Алекс Салмонд шотландиялыктардын көбү эгемендикке каршы добуш бергенин моюнуна алды. Ал эми анын орун басары Никола Старжен көз каранды эместикке умтулгандар менен ага каршылардын санында айырма бир аз гана болуп калганына "ичи ачышып" жатканын жашырган жок.

Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон Шотландиянын суверендүүлүгүнө каршы өнөктүктүн лидери Алистер Дарлингди куттуктап, январь айында парламенттин кароосуна Шотландиянын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү көздөгөн мыйзам долбоорун жөнөтөрүн убада кылды.

Референдумга шайлоочулардын 85 пайызы катышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы британ фунтунун дүйнөлүк рыноктогу баасынын жогорулашына түрткү болду. (RK)

XS
SM
MD
LG