Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунун тургундары менен Кара-Суу районунун "Ак-Буура-3" конушунун жашоочулары ортосунда жол талашуудан улам жаңжал чыгып, абалды милиция көзөмөлдөп жатат.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, "Ак-Буура-3" конушунун жашоочулары Ош шаарына каттоо үчүн Ак-Тилектеги 11-көчөгө улай көпүрө сала баштаган. Буга нааразы болгон актилектиктер көчө башын бийиктиги 2 метр бетон менен тосуп, курулушка уруксат бербей турат.
Ак-Тилектин жашоочулары көпүрө курулса, көчөдө каттам көбөйүп, тынчтык жоголот деген жүйөнү карманып жатышат.
Көпүрө куруу үчүн Кара-Суу райондук архитектурасы уруксат берген, бирок ал Ош шаардык архитектурасы тарабынан тастыктала элек.
Ак-Тилек кичирайону 1992-жылы курулган. Ал эми Кара-Суу районунун "Ак-Буура-3" конушу 2003-жылы пайда болгон. (YI\SE)