Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Кыргыз-өзбек чек арасында бир адам октон каза тапты


19-августта кыргыз-өзбек чек арасында мыйзам бузуу катталып, ал ок атуу менен коштолду. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда буга Кадамжай районунун Орто - Ынтымак айылы туштан белгисиз 20-25 адам Кыргызстандан Өзбекстанды көздөй кездеме таңгактарын мыйзамсыз алып өтүп жаткандыгы себеп болгон.

Чек ара күзөтчүлөрүнүн токтотуу аракетине белгисиз адамдар таш ыргытып жооп беришкен. Эскертүү үчүн атылган окко маани берилбегендиктен, чек арачылар курал колдонууга мажбур болушкан. Натыйжада оор жарааттан өзбекстандык бир жаран мерт болуп, калгандары чек арадан өтүп, качып кетишкен. Окуя маалында кыргызстандык эки чек арачы жараат алган.

Окуя боюнча чек ара кызматы иликтөө ишин баштады деп айтылат маалыматта.

XS
SM
MD
LG