Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Азербайжандык укук коргоочу Лейла Юнус камакка алынды


Азербайжанда белгилүү укук коргоочу Лейла Юнус кармалды. Ал күч менен Бакыдагы Башкы прокуратуранын кеңсесине алып келингенин Юнустун адвокаты Халид Багиров “Азаттыктын” азери кызматына кабарлады. Адвокаттын айтымында, Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү укук коргоочуну оор кылмыштарга айыптап, шаар четиндеги үйүнөн кармап кетишкен.

Буга чейин апрель айында да Лейла Юнусту күйөөсү Ариф менен кошо Бакы аэропортунда камакка алып, өлкө сыртына чыгууга тыюу салышкан. Анда Армениянын пайдасына шпиондук кылды деп камалган журналист Рауф Миркадыровдун ишине байланыштуу суракка алынганы кабарланган. Андан соң өлкөнүн Башкы прокуратурасы Юнусту тергөө менен кызматташуудан баш тартып жатат деп айыптаган.

Лейла Юнус Бакыдагы өзү түптөгөн Тынчтык жана демократия институтун жетектейт жана көп жылдардан бери армениялык өнөктөштөрү менен элдик дипломатия аркылуу эки эл арасындагы мамилени жакшыртууга салым кошуп жаткан.

XS
SM
MD
LG