Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Карганбек Самаков “Ата Мекен" партиясынан чыкты


Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков “Ата Мекен” партиясынын курамынан чыкканын расмий жарыялады.

Самаков жазган билдирүүсүндө партия 20 жылдан бери анык бир программанын негизинде иштебей, Кумтөр кенин гана талкуулап, коалицияны таратуу, кайра куроо, түрдүү компроматтарды жаратып, өкмөттү алмаштыруу менен гана алек болуп келгенин жазган.

Билдирүүнүн соңунда санаалаштары жана пикирлештери менен жаңы - “Биримдик-Единство” аттуу партия түзүп жатканын белгилеген.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев же башка өкүлдөрү бул боюнча азырынча пикир билдире элек. Буга чейин аталган партиядан Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдырахманов сыяктуу депутаттар да бөлүнгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG