Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Бишкекте Жусуп Мамайга арналган көргөзмө өтүп жатат


Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканада өтүп жаткан көргөзмөгө улуу манасчы Жусуп Мамайдын өмүр-таржымалына арналып жазылган макалалар, сүрөттөр, китептер жана ага берилген наамдар менен сыйлыктар тууралуу маалыматтар коюлган. Акысыз көргөзмө 1-августка чейин уланарын уюштуруучулар билдиришти.

Быйыл 1-июнда 96 жаш курагында көз жумган Жусуп Мамай 1918-жылы ал кездеги Чыгыш Түркстан, азыркы Шиңжаң-Уйгур автоном районундагы Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында туулган. Ал "Манас" эпосунун сегиз урпагына чейин айткан.

30-майда манасчыга “Кыргыз эл баатыры” деген жогорку наам жана "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси ыйгарылган. (SE)

XS
SM
MD
LG