Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Бишкекте орусиячылдардын акциясы аяктады


Украин элчилигинин алдындагы акция. Бишкек, 11-июнь, 2014.
Украин элчилигинин алдындагы акция. Бишкек, 11-июнь, 2014.
Бишкектеги Украинанын элчилигинин алдындагы орусиячылдардын акциясы аяктады. “Русский мир” аттуу орус мекендештер бирикмеси уюштурган акцияга 50дөн ашык адам катышты. Алардын көпчүлүгү пенсия жашындагы адамдар. “Фашизм кайталанбашы керек!”, “Батыш Украинандан колунду тарт” “Киев согушту токтот” деген плакаттарды көтөргөн акция катышуучулары украин бийликтеринен өлкө чыгышындагы аскердик операцияларды жана бул окуяларда Орусия жана анын президенти Владимир Путинди күнөөлөөнү токтотууну талап кылышты. Ошондой эле Украинадагы акыркы окуяларга АКШ баштаган батыш өлкөлөрүнүн тиешеси бар деп айыпташты.

Акциянын уюштуруучуларынын бири Надежда Лодажанскаянын айтымында, алар Украинанын жаңыдан шайланган президенти Петро Порошенкого жолдонгон атайын кайрылууну элчиликке тапшырууну максат кылган. Бирок чогулгандар менен элчилик өкүлдөрү жолуккан жок.

Украинада быйыл март айында бийлик оппозициянын колуна өткөн. Мурдагы президент Виктор Янукович Орусиядан баш калка тапкан. Мындан соң өлкө чыгышындагы Донецк, Луганск облустарындагы орусиячыл жикчилер өз алдынча болуу талабы менен бийликтерди басып алган. Бул аймактардагы өкмөттүк күчтөр менен жикчилердин кагылышы азырга чейин уланууда. Расмий Киев жикчилерди Орусия колдоп жатат деп күнөөлөп келет.

25-майдагы президенттик шайлоодо Петро Порошенко өлкө башчылыгына шайланды.(BkA)

XS
SM
MD
LG